Бул макала заманбап дүйнөдөгү үй-бүлөлүк баалуулуктарга, маданий иденттүүлүккө жана өзгөрүүлөргө ааламдашуу таасирин салыштырып талдоо арналган. Үй-бүлөлүк баалуулуктар жана салттар маданий өзгөчөлүктү калыптандырууда жана сактоодо маанилүү роль ойнойт. Бирок ааламдашуу шартында коомдук турмуштагы өзгөрүүлөр үй-бүлө институтуна, баалуулуктарга таасирин тийгизүүдө. Салыштырмалуу түрдө карасак азыркы үй-бүлөлөрдүн түзүлүшүнөн, социалдык ролдордун өзгөрүшүнөн байкоого болот, аэ эми бул өзгөрүүлөр социалдык-маданий иденттүүлүктүн кризисине алып келүүдө. Үй-бүлөлүк баалуулуктар – бул социалдык иденттүүлүк курулган жана калыптанган негизги пайдубал. Авторлор структуралык функционализм, алмашуу теориясы, феминисттик мамиле ж.б теориялар аркылуу теманын талдоого алуу аракетин көрдүк. Ааламдашуунун үй-бүлөлүк баалуулуктардын өзгөрүшүнө тийгизген таасиринин оң жана терс жактарын ачып, мүмкүнчүлүктөр менен коркунучтарды белгилеп салыштырмалуу талдоо аракетин жүргүздүк.
Үй-бүлө, үй-бүлөлүк баалуулуктар, иденттүүлүк, маданий иденттүүлүк