Abstract


The Epic "Manas" Is an Inexhaustable Cultural Resource of Mankind

“Манас” эпосу – түрк элдеринин бир маданий мурасы, кыргыз элинин тарыхынын алтын казынасы, адамзаттын гениалдуу кенчи. Улуттук эпос көлөмү жагынан эле эмес, жандуулугу, бүгүнкү күнгө чейин элдин эс-тутумунда оозеки түрдө өмүр сүрүп келиши менен, бизге белгилүү дүйнөлүк бардык оозеки чыгармачылыктын баалуулуктарын камтып өзгөчө айырмаланып турат. Бул тарыхый чыгарма, ар бир окурмандын жан дүйнөсү сугарылуучу көөнөрбөс дөөлөт, акыл-эсин ойготуп, ой чабытын, жашоого көз карашын өстүрүүчү түбөлүктүү булак. Байыркы бабалардан мурасталып, укумдан-тукумга улантылып келе жаткан каада-салт, керемет тил, көркөм сөз өнөрү, Мекенди сүйүү, коргоо, намыс сыяктуу мааниси зор керемет табылгыс таалим-тарбия “Манас” эпосунда топтолгон. Учурда эл аралык карым-катнаш ушунчалык тез ылдамдыкта өтүп жаткан мезгилде, дастандагы камтылган нарк баалуулуктарды жаңы көз карашта таза, так ой жүгүртүү менен кабылдап таасирленүү - улуттук аң-сезимдин, намыстын өнүгүшүнө түрткү берет.



Keywords

тарых, руханий баалуулуктар, маданий мурас, илимий ачылыштар, адамзаттын кенчи.


Kaynakça