Abstract


Linguocultural Image of Traditional Kyrgyz Songs

Бул макалада кыргыз маданиятынын өзөгүн түзүп салттуу ырлардын лингвомаданий мүнөзү талдоого алынат. Кыргыздын салттуу ырлары элдин музыкалык дүйнөсүн жана тарыхын, жашоо-турмушун, диний, этникалык, тилдик жана маданий өзгөчөлүктөрүн, дүйнө картинасын чагылдырып турат. Бул ырлардын мазмуну байыркы ишенимдер, каада-салттар, элдин ой-туюмдар менен тыгыз байланышат. Салттуу ырлардын тексттерине лингвомаданий анализ жүргүзүлөт. Кыргыздын салттуу ырлары терең философиялуу жана дидактикалык мазмуну бай өзгөчө метафоралык системага ээ экендиги аныкталды. Тиешелүү мисалдардын негизинде салттуу ырлардын эмоциялык лексикасы жана лингвомаданий мүнөзү, маанилик жана стилистикалык боёгу көрсөтүлдү. Метафора, салыштыруу, эпитет, символ сыяктуу көркөм сөз каражаттары талдоого алынат.



Keywords

музыка, лирикалык ырлар, ырдын тексти, лингвомаданият, мазмун, образ, метафора, лексика, модель, дүйнө сүрөтү


Kaynakça