Аннотация: Бул макалада кыргыз элинин улуттук дүйнө таанымын чагылдырган семиотикалык белгилердеги семантикалык өзгөчөлүктөрүн изилдөө маселеси каралды. Семантикалык белгилердин лингвистикадагы орду жана анын туюнтулушу жана улуттук өзгөчөлүктөрдү чагылдырган тилдик көрүнүштөр жазылбаган салттык түшүнүктөр аркылуу башкача айтканда вербалдык эмес каражаттар аркылуу берилиши жана анын вербалдашуусу изилденди. “Манас” эпосундагы “антташуу” салтынын кыргыз элинин дүйнө таанымын калыптандыруудагы ролу жана кыргыз элинин дүйнө таанымынын өзгөчөлүктөрүн чагылдырган табиятка, коомго, туугандык жакындыктарга жана руханий баалуулуктарга байланыштуу түшүнүктөр анализге алынды. Кыргыз тилиндеги вербалдык эмес символдук каада-салттык белгилердин семиотикалык туюнтулушу жана анын маданий жана дүйнө таанымдык аспектилерди чагылдырган сөздөрдүн, сөз айкаштарынын семантикалык маанилери талданды.
Түйүндүү сөздөр: семантика, семиотика, вербалдык эмес каражаттар, контекст, лексикология, этнолингвистика, кыргыз тил илими, лингвистика, символикалык белгилер.