Abstract


Abdurahman Jami's Poetic Quest in the Genre of Khamsa

Бул макалада күн чыгыш поэзиясынын чолпон жылдызы атанган А.Жаминин таланттуу калеминен жаралган Хамса жанрындагы изденүүлөрү иликтөөгө алынат. Сүрөттөп жаткан турмуштук көрүнүштөр окшош болгондой эле аларды чагылдырган акын-жазуучуларда да окшош сюжеттер, темалар, проблемалар кездеше берет. Бирок чыныгы сүрөткерлер ошол жалпылыктан жекелик таба билет, башкача айтканда, жалпы адамзаттык проблемалар ар бир нукура сүрөткерде анын өзүнө гана таандык стиль жана каражаттар менен ачылып берилет. А.Жаминин акындык чеберчилиги кызыгууну жаратуу менен чыгармаларынын тематикалык, формалык, идеялык жактан ар түрдүүлүгү жана коюлган проблеманын өзгөчөлүгү, жаңычылдыгы, сүрөттөөсүнүн оригиналдуулугу, тилинин кооздугу, стилинин тактыгы, жекечелиги сыяктуу чыгармачылык өзгөчөлүгү жана көркөм адабиятка кошкон салымы талдоого алынат. Натыйжада А.Жами күн чыгыш адабиятынын классиги катары чыгыш поэзиясына алып келген жаңылыгы, күн чыгыш адабиятындагы Хамса жаатына кошкон салымы, Хамса жанрындагы чеберчилиги аныкталат.



Keywords

чыгыш поэзиясы, хамса жанры, Жами, акын.


Kaynakça