Аталган илимий макалада кыргыз адабият таануу илиминдеги салт жана жаңычылдык маселелери улуу акын Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгынын мисалында сөзгө алынат. Салттуулук жана жаңычылдык социалисттик реализм методу менен тыгыз байланышта каралат. А.Осмоновдун поэзиясындагы салттык жана жаңычылдык боюнча кыргыз адабият таануучулары өздөрүнүн бир топ эмгектеринде талдоого алып, акын оозеки чыгармалардын үлгүлөрүн өз чыгармаларына канчалык деңгээлде сиңиргенин көрсөтүшкөн. Таланттуу акын А.Осмонов элдик сюжеттерди иштеп чыгуу менен бирге алардын жанрдык формаларын да чебер пайдаланып, жаңы мазмунга ээ болгон эң сонун ырларын жарата алган. Кыргыз адабият таануу илиминде салт жана жаңычылдык маселелерине бир топ адабиятчылар кайрылган. Алардын ичинде белгилүү адабият таануучу жана сынчы Камбаралы Бобулов да таланттуу акындын чыгармачылыгынын мисалында көз-карашын айтып өткөн.
адабият таануу, салттуулук, жаңычылдык, акын, диалектикалык карым-катыш, чыгармачылык, поэзия, социалисттик реализм