Abstract


Phraseologisms Related to Speech in Turkic Languages (On the Materials of Kyrgyz, Kazakh, Uzbek Languages)

Макалада тектеш түрк тилдеринин ичинен кыргыз, казах, өзбек тилдеринде кеп-сөзгө байланыштуу айтылган фразеологизмдердин семантикалык, структуралык өзгөчөлүктөрү, келип чыгуу тарыхы, алардын ортосундагы жалпылыктар, өз алдынчалыктар иликтенет. Түрк тилдериндеги фразеологизмдердин маанилик топторун кеңейтүүдөгү, орток жана индивидуалдык фразеологизмдерди аныктоодогу орду менен макала актуалдуу мүнөзгө ээ. Макаладагы иликтөөнүн максаты – түрк тилдериндеги айрым фразеологизмдердин табиятын кеп, сөзгө байланыштуу айтылган фразеологизмдердин мисалында кароо. Изилдөө салыштырма методдун негизинде ишке ашырылды. Иликтөөнүн объектиси – кыргыз, казах, өзбек тилдеринен алынган фразеологизмдер. Иликтөөнүн натыйжасында тектеш тилдердеги фразеологизмдердин карым-катышы маанилик жакындыгы, тутумундагы өзөк сөзү боюнча аныкталары салыштырылып, төмөнкүдөй топторго бөлүштүрүлөт: - аталган тилдерде орток колдонулган фразеологизмдер: кырг. оозуна кум куюу / каз. аузына кум кую, өзб. огизина кум куйиш; кырг. оозунан сөзү түшүү түрүндө айтылып, алардын келип чыгышы “ооз” сөзү менен байланышат. - башка-башка тилдик түзүлүштө, бирок маанилеш колдонулган фразеологизмдер: өзб. тил бириктирмок / каз. ымы-жымы бир, келеге келу / кырг. жең ичинен сүйлөшүү фразеологизмдери “тил табышуу” маанисин туюндурат. - жеке тилге тиешелүү болгон фразеологизмдер: казак тилинде тил мен жагына сүйену (жообу даяр, керек сөздү таба билүү); өзбек тилинде юрагига кулок салиш (сөздү астайдил угуу) ж.б. колдонулат. Иликтөөдөн алынган натыйжалар тектеш тилдердеги фразеологизмдер аркылуу түрк тилдеринин, анын ичинде, кыргыз тилинин тарыхын иликтөөгө материал боло алат.



Keywords

фразеологизм, кеп-сөз, орток жана индивидуалдык фразеологизмдер


Kaynakça