Abstract


Ideas of Having Children in Kyrgyz Folk Pedagogy: Upbringing and Traditions

Макалада кыргыз элинин турмушундагы балалуу болуунун мааниси, анын элдин табигый, руханий жана моралдык баалуулуктары менен байланышы белгиленет. Баласыз адамдын трагедиясы “Манас” эпосундагы бай Жакыптын мисалында көрсөтүлөт. Жакып канчалык бай болсо да, анын жашы өтүп, ошол байлыгына ээ болор туягынын, элин коргой турган азаматтын жоктугу жанын кейитет. Элдик педагогикадагы бала түшүнүгү, адам үчүн баланын зарылдыгы тууралуу сөз болот. Ошондой эле балдарды тарбиялоодо үй-бүлөнүн, өзгөчө табигый тарбиячылардын ролу, муундан муунга өтүп келе жаткан каада-салттардын мааниси каралат.



Keywords

кыргыз этнопедагогикасы, моралдык баалуулуктар, руханий өнүгүү, балалуу болуу, тарбия, салттар, үй-бүлө, гармония, маданият, табият,элдик салттар,инсан.


Kaynakça