Манас эпосу дүйнөлүк аренада көлөм жагынан гана айырмаланбастан, көркөм поэтикалык өзгөчөлүктөрү, өзүнүн орошон мазмуну, обологон бийик ойлору, орчундуу идеялары, омоктуу философиялык нускалары, жалпы адамзаттык деңгээлдеги руханий-ыймандык дөөлөттөрү, гуманисттик кенчтери менен да өзгөчөлөнөт. "Манас" эпосунун түндүгүн көтөрүп турган үлкөн идеялардын негизгиси - достук жана биримдик идеясы. Манас баатырдын кыргызды гана эмес, түркүн эл, урууларды бириктирген "курама жыйып, журт кылган" ишмердиги ушундай философияга негизделет.
Манас эпосу, маданий мурас, Чыңгыз Айтматов, Кылым карытар бир күн, Кассандра тамгасы