Abstract


Art and Profession Lexemas in Mahmut Kaskari's "Divanu Lugati-t Türk" Dictionary

Макалада М.Кашкаринин сөздүгүндөгү кесип, өнөр лексемаларынын азыркы кыргыз тилиндеги колдонулуу деңгээли, морфемалык түзүлүшү, тыбыштык, маанилик өзгөрүүлөр изилденет. Махмут Кашкаринин «Дивану лугати-т түрк» эмгегиндеги кесип, өнөр лексемаларынын азыркы кыргыз тили менен катышын, кыргыз тилинин байыркы түрк тилдеринен экендигин аныктоодогу орду менен макала актуалдуу мүнөзгө ээ. Иликтөөнүн максаты – кесип, өнөр лексемаларын азыркы кыргыз тилиндеги көрүнүшү менен салыштырып иликтеп, тилдик өнүгүү кубулушундагы өзгөрүүлөрдү аныктоо. Изилдөө тарыхый- салыштырма методунун негизинде ишке ашырылды. Иликтөөнүн объектиси – М.Кашкаринин «Дивану лугати-т түрк» эмгегинин кыргызча котормолору. Натыйжада, макалада сөздүктөгү кесип, өнөр лексемалары азыркы кыргыз тили менен салыштырылып, морфемалык түзүлүшү, семантикалык жылыштар, фонетикалык өзгөрүүлөр иликтенди жана төмөнкүдөй колдонулуу деңгээли аныкталды: - байыркы тыбыштык көрүнүшүндө маанисин сактоо менен колдонулган кесип, өнөр лексемалары: емчи- эмчи, qoruğçı – корукчу, uz – уз киши, колунан көөрү төгүлгөн, өз кесибине мыкты киши; - фонетикалык жактан өзгөрүүгө учуроо аркылуу пайдаланылган сөздөр: jorçı, ätükçi, savçı, suroğçı, ovçı, уучу, bilgä, jırağu; - мааниси сакталган, бирок башка аталышка ээ болгон сөздөр: atım, qaraçı, bıruq, sart, äğät, umduçı, arquçı, жуучу, ağıçı, arqış, užmaq, buşğut, агычы, аркучы, jalafaç, ätmäkçi, ätçi, otaçı, jorığçı, йугырчы, salçı, tarığçı, ügitçi, otaçı, çoban , tigin, sagun, tužum, мурап, ımğa. Алынган натыйжалар кыргыз тилинин байыркы түрк тилдиринин бири экендигинин далилдейт жана түрк тилдеринин, анын ичинде кыргыз тилинин лексикасын, анын тарыхын иликтөөгө материал боло алат.



Keywords

Лексема, Тыбыштык Алмашуу, Сөз Жасоо, Маанилик Кеңейүү, Морфема.


Kaynakça