Abstract


The Dictionary of Linguist Mahmoud Kashkari “Diwanı Lugat At-Turk” and His Research

Махмуд Кашкаринин «Дивани лугат ат-түрк» сөздүгү XI кылымдагы түрк элдеринин жашоо жагдайларын, экономикалык ишмердүүлүктүн бардык тармактарын, руханий жана материалдык маданиятынын бардык аспектилерин чагылдырган, максималдуу маалыматтар базасы болуп саналат. «Диванда» бардык түрк элдеринин тилдери чагылдырылган, анын ичинде кыргыз тили бар. «Дивандын» лексикасында колдонулган сөздөрдүн көбү колдонуудан чыгып же эне тилде сүйлөгөндөр тарабынан унутулуп, бирок диалектилерде сакталып калган, айрым тыбыштык б. а. фономорфологиялык жана семантикалык өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Анда үч жүздөн ашык макал-лакаптар, ошондой эле кошок, ишенимдер, баатырдык ырлар, элдик медицинанын рецептери, календарга байланыштуу билимдер берилген. Бул эмгекте ошол мезгилге мүнөздүү көптөгөн кийимдердин аталыштарын, дыйканчылык, чарбалык иштеринин жандуу картинасы, өсүмдүктөр, мал чарбачылыгы, канаттуулар, жапайы жаныбарлар жана аңчылык боюнча көптөгөн маалыматтар бар. Жалпысынан алганда, орто кылымда Караханиддер мамлекетинин мезгилинде түрк уруулары билими бар өнүккөн мамлекет болгондугун, сөздүктө колдонулг



Keywords

Махмуд Кашкари, Диван, Түрк Тилдери, Кыргыз Тили, Лингвист Окумуштуу, Лексика, Фонетика, Морфология.


Kaynakça