Макалада окутуу тили англис тили болгон чет элдик студенттер окуган медициналык жогорку окуу жайларында «Манастаануу» дисциплинасында «Манас” эпосу менен “Коркут Ата» эпосторун салыштыруу маселелери каралган. Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде «Манас таануу» милдеттүү окутулуучу дисциплина катары 2019-жылы киргизилди. Чет элдик студенттерге «Манас» таануу сабагы англис тилинде таанып билүүчүлүк багытта окутулат. Жумасына бир жолу дарс менен практикалык сабак удаалаш жүрѳт. Медициналык жогорку окуу жайларда, анын ичинен Эл аралык жогорку медициналык мектебинде “Манас таануу” дисциплинасында негизги максат дүйнөлүк эпостор анын ичинен “Коркут Ата” эпосу менен типологиялык салыштыруу багытында окутуу менен алардын дүйнөлүк көркөм маданият үчүн баалуулугу жана кайталангыстыгы, өзгөчөлүгүн таанытуу менен келечектеги дарыгер жана инсанды калыптандыруу каралган.
эпос, дүйнөлүк эпостор, салыштыруу, типологиялык-салыштыруу, педагогика, образ, «Манас” эпосу, “Коркут Ата” эпосу, айырмачылыктар, окшош дүйнө тааным.