Abstract


Lexical and Semantic of Commonly Used Words Related to Product Names in Kyrgyz and Turkish Languages

Кыскача мазмуну: Бул макалада Урал-Алтай тил бүлөсүнүн Алтай бутагына кирген түрк тилдеринин ичинен огуз тобундагы Түркия түрк тили менен кыпчак тобундагы кыргыз тилине таандык азык-түлүккө байланыштуу орток сөздөр иликтөөгө алынат. Азыркы кыргыз тили менен түрк тилинин лексикалык корундагы азык-түлүккө байланыштуу орток сөздөрдөгү жалпылык-окшоштуктар, орток тил элементтеринин канчалык деңгээлде сакталгандыгы; семантикалык табияты, маани-маңызы; орток сөздөрдүн кеңири же тар чөйрөдө колдонулушу, ар кандай даражада колдонулуу өзгөчөлүгү; лексика-семантикалык жактан өнүгүү-өзгөрүү процесстери жана анын себеп-өбөлгөлөрү лексика-семантикалык талдоонун ык-амалына ылайык талдоого алынат. Натыйжада кыргыз жана түрк тилиндеги азык-түлүккө тиешелүү орток лексикалык катмардын жалпылыктары таанылып, бөтөнчөлүктөрү аныкталат.



Keywords

Ачкыч сөздөр: кыргыз тили, түрк тили, орток лексика


Kaynakça